Жаңылыктар
-
31 Марта 2022
Кыргызстандын эгемендик тарыхында биринчи жолу темир жолдун курулушу башталды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 31-мартта, Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушунун башталышына старт берди.
-
23 Марта 2022
«Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат
Учурда «Балыкчы-Кочкор» темир жолун курууга даярдык иштери жүрүп жатат.
-
18 Марта 2022
Темир жол администрацияларынын жетекчилери “АТР-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа” эл аралык мультимодалдык коридорунун долбоорунун маселелерин талкуулашты
2022-жылдын 16-мартынан 17-мартына чейин Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында «Кыргыз темир жолу” УК” МИнин башкы директору Азамат Сакиев жетектеген делегация темир жол администрацияларынын жетекчилери «АТР өлкөлөрү-Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан-Түркмөнстан-Азербайжан-Грузия-Европа» эл аралык мультимодалдык коридорун өнүктүрүү долбоорунун алкагында алты тараптуу жолугушууга катышты.
-
10 Марта 2022
КТЖ жетекчилиги Жалпы россиялык “Кыргыз конгрессинин” президенти Кубанычбек Кожоевге ыраазычылык билдирди
Бүгүн, 10-март күнү «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин башкы директору Азамат Сакиев Жалпы россиялык “Кыргыз конгрессинин” коомдук уюмунун Президенти Кубанычбек Кожоевге ыраазычылык билдирди.
-
9 Марта 2022
Кыргызстанга жүк ташуучу жарым вагондордун жана жаңы рельстердин кезектеги партиясы келди
Бүгүн, 9-март күнү 30 даана жүк ташуучу жарым вагондор жана 1 км жаңы Р65 тибиндеги рельстер келди. Бул кезектеги баалулуктардын партиясы экенин «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалым болгондой, өткөн жылы ишкана өз каражаттарынын эсебинен 100 даана жарым вагондорду, 20 км жаңы рельстерди сатып алган.
-
25 Февраля 2022
Өрткө каршы тактикалык машыгуу: өрт өчүрүүчү поезди тартылды
Бүгүн, 25-февраль күнү борбор калаанын четинде жайгашкан мунай базасынын аймагында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Объект темир жолго жакын жайгашкандыктан, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын өрт өчүрүүчү поезди тартылган.
-
21 Февраля 2022
Казакстан Республикасынын аймагы аркылуу темир жол каттамынын транзитин кайрадан жандандыруу боюнча түшүндүрмө
Үстүбүздөгү жылдын 15-16-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыт Султановдун теңтөрагалыгы алдында Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун 1-жыйыны болуп өттү.
-
21 Февраля 2022
Жүк ташууну кантип уюштуруу керек? Жооптор бул жерде
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасы темир жол транспортунун туруктуу жана коопсуз иштешин камсыз кылуу максатында, чарба жүргүзүүчү субъекттердин темир жол ташууларына болгон керектөөлөрүн жана Кыргыз Республикасынын калкынын жүргүнчүлөрдү ташуу муктаждыктарын канааттандыруу максатында түзүлгөн.
-
19 Января 2022
Кыргызстанга жүк ташуучу жарты вагондордун кезектеги партиясы келди
Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев билдирди.
-
19 Января 2022
3,5 чакырым аралыгына темир-бетон шпалдар орнотулду
Поезддердин кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн «Кыргыз темир жолу» УК» МИ тарабынан рельстерде бир катар ар кандай оңдоо иштери мерчемделип, жүргүзүлүп келет. Бул тууралуу ишкананын жол чарба филиалынын жетекчиси Нурбек Куралиев билдирди.