Жаңылыктар
-
16 Июня 2022
Жүргүнчүлөрдүн назарына: ички жүргүнчүлөрдү ташуу тарифи өзгөртүлдү
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2022-жылдын 16-июнундагы №215 буйругуна ылайык, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын республика ичиндеги жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддеринде жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн жаңы тарифтер 2022-жылдын 17-июнунан тартып түзүлөт.
-
14 Июня 2022
Россия, Казакстан, Беларусь боюнча ички каттамына билет алуу боюнча
Урматтуу жүргүнчүлөр, «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын билеттик кассаларынан Россия, Казакстан, Беларусь боюнча ички каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттерди алардын ички тарифтери боюнча сатып алсаңыздар болот.
-
13 Июня 2022
"Кыргыз темир жолунда” командалык-штабдык машыгуулар өттү
2022-жылдын 3-июнунда “Кыргыз темир жолунун” жетекчилик курамы менен “Коркунуч учуру жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон (жер титирөө) учурларда “Кыргыз темир жолу” УК” МИнин Жарандык коргонуу жаатында башкаруучу органдарынын иш-аракеттери” деген темада командалык-штабдык машыгуулар өткөрүлдү.
-
10 Июня 2022
КТЖ: Бишкек - Балыкчы багытындагы жүргүнчү поезди каттап баштайт
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2022-жылдын 17-июнунан 17-июлга чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күнүгө № 608/609 Бишкек-2 - Рыбачье багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай тургандыгын маалымдайт.
-
6 Июня 2022
Бишкек-Казань биринчи каттамы кетти
6-июнда №305 Бишкек - Шу - Казань багытындагы жүргүнчү поезди Бишкектен саат 17:03тө жөнөп кетти, Казанга бейшемби күнү жетет. Жумасына бир жолу дүйшөмбү күндөрү каттайт.
-
3 Июня 2022
6-июндан 14-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132 км коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт
“Кыргыз темир жолу” УК” МИ 2022-жылдын 6-июндан 10-июнуна чейин, ошондой эле 13-14-июнунда Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902 км) таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөрүн маалымдайт.
-
31 Мая 2022
Кыймылдуу паркты жаңылоо боюнча иш-чаралар
"КТЖ" УК" МИнин стратегиялык өнүгүү планынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомун ишке ашырууга ылайык ишкана өз күчү менен Россия Федерациясынын «Алтай вагон заводу» АК тарабынан чыгарылган, жалпы суммасы 456 миллион сомдон ашык, 100 даана жарым-жартылай вагондорду сатып алган.
-
31 Мая 2022
Эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысына арзандатуулар
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ Россия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча 2022-жылдын 3-июнунан баштап эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысына арзандатууну киргизет:
-
31 Мая 2022
Эл аралык каттамдарда жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча маалымат (жаңыланып турат)
«Кыргыз темир жолу» УК» МИ 6-июндан баштап эл аралык каттамдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин кыймылы төмөнкү багыттар боюнча жандангандыгын билдирет:
-
27 Мая 2022
30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129 кмда таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт
“Кыргыз темир жолу” УК”МИ 2022-жылдын 30-майдан 3-июнга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 129-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3899 км) коркунуч жараткан таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөөрүн маалымдайт.