Жаңылыктар
-
4 Октября 2019
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы Боом капчыгайында таштарды күч менен кулатуу иштерин улантат.
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 7-октябрынан тартып, 11-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131- чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
-
4 Октября 2019
“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жол жүрүү билеттерин алдын-ала сатып алууну сунуштайт.
Билеттер канчалык эрте сатылып алынса анын баасы ошончолук арзан болот.
-
3 Октября 2019
“Кыргыз темир жолу” ишканасынын аймагында тактикалык машыгуулар өткөрүлдү
Аталган машыгуулардын негизги максаты: Бишкек шаарындагы Ленин райондук Жарандык коргонуу кызматынын ички даярдыгын текшерүү болуп эсептелет.
-
27 Сентября 2019
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 30-сентябрынан тартып, 4-октябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 131- чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.
-
27 Сентября 2019
Эртең жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат.
“Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылдын 28-сентябрында жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.
-
25 Сентября 2019
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Басма сөз кызматы маалымдайт:
Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2019-жылдын 26-сентябрында “Сокулук”-“Бишкек I” темир жол бекеттеринин 3773 чакырымындагы кайтарууга алынган темир жол өткөрмөсүндө ремонт иштери жүргүзүлөт. Бул Бишкек шаарынын Алыкулов көчөсүндө жайгашкан өткөрмө пункту.
-
25 Сентября 2019
Жүргүнчүлөргө билет сатып алууда жеңилдиктер берилет
Душанбе шаарында шериктештикке кирген мамлекеттердин жүргүнчү ташуучу III-Эл аралык форуму болуп, анда Россия, Казахстан жана Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жолугушту.
-
23 Сентября 2019
Темир жолчулар мамлекеттик тил күнүн белгилешти
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чаралар уюштурулду. Аталган маданий иш-чарада ишкананын 10 филиалынын өнөрпоздору көркөм окуу, обондуу ырлар жана улуттук бий боюнча кыргыздын каада-салттарын көрсөтүп беришти.
-
23 Сентября 2019
Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасы ишембилик уюштурду.
«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын Аппаратынын кызматкерлери жана бардык филиалдардын кызматкерлери ишембиликке чыгышты. Бул иш-чара Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өткөрүлдү.
-
17 Сентября 2019
Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Бишкек-Кара-Балта» поезди бир күнгө убактылуу токтотулат.
“Кара-Балта-РЗД-141” темир жолу участкасындагы ремонт иштерине байланыштуу 2019-жылдын 21-сентябрында жүргүнчүлөрдү ташуучу №6059/6060 жана №6061/6062 «Бишкек-Кара-Балта» поезди убактылуу токтотулат.